Акын Мамбеталиев Мамкаттоонун жетекчиси болуп дайындалды

Акын Мамбеталиев.

Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты «Азаттыкка» мекеменин өкүлдөрү ырасташты.

Мамбеталиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеген.

Мамкаттоонун буга чейинки жетекчиси Алмаз Мамбетов 13-февралда кызматынан бошотулган. (BTo)