Пакистанда журналисттин сөөгү арыктан табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Синд провинциясынын полициясы 16-февралда журналист Азиз Мемондун сөөгүн Наушеро-Фероз деп аталган аймактан, арыктын ичинен тапкан. Алгачкы иликтөөлөрдүн жыйынтыгында журналист сууга ыргытылганга чейин муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болду.

Азиз Мемон кытай тилиндеги «Kawish» телеканалында жана ушундай эле аталыштагы басылмада иштеген. Бир нече ай мурун ал жазган жаңылыктары үчүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын видео кайрылуу менен билдирген эле.

Былтыр Нью-Йорктогу «Protect Journalists» (CPJ) уюму акыркы он жылда Пакистанда 16 журналисттин өлүмү ачылбаган бойдон калып жатканын кабарлаган.