17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Ойдуң жерлерди туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күртүсү болот.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -1...-6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25...-30, күндүз -6...-11 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -7...-9, күндүз 4...6 градус болот. Жаан-чачын болбойт.