Орусия Сочи Олимпиадасында алган дагы бир алтындан кол жууду

Орусиялык биатлончу Евгений Устюгов антидопинг эрежелерин бузган деп айыпталып, спорттон эки жылга четтетилди. Ал допинг колдонгону аныкталып, 2014-жылы өткөн Сочи Олимпиадасында Устюгов менен кошо эркектер арасындагы эстафетага катышкан орус курама командасындагы биатлончулардын алтын медалы жокко чыгарылды.

Спортчу 21 күндүн ичинде эл аралык арбитражга кайрылышы мүмкүн.

Орусиянын басылмалары 35 жаштагы Устюговдун спорттогу карьерасы ушуну менен аяктарын жазышты.