Бишкекти каптаган ыштын адамдардын ден соолугуна зыяны изилдене элек.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин өпкө илдеттери боюнча башкы дарыгери, профессор Талант Сооронбаев билдирди. Анын айтымында, борбор калаада экологиялык абал начар экени айтылганы менен бул көрүнүштүн адамдардын саламаттыгына кандай таасир тийгизип жатканы илимий негизде аныктала элек:
“Бишкекте аба аябай булганды дегенге мен да кошулам. Бирок бул адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет деген изилдөөнүн негизинде далил жок. Биз бул жөнүндө кайсы бир изилдөө өткөрүп, эл аралык эреженин негизинде аныктаган соң гана бул жөнүндө айта алабыз”, - деди Сооронбаев.
Дарыгер Кыргызстанда бир нече мамлекеттик уюм экологиялык маселелердин адамдардын саламаттыгына таасирин аныктоо боюнча илимий изилдөө жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады. Бишкекте акыркы жылдары абанын булганышы жана экологиялык маселелер улам-улам көтөрүлүп келет. Буга чейин өкмөт Бишкектеги экология боюнча программа иштеп чыгарын жарыялаган. (BkA)