Сербия жана Косово ортодогу темир жолду калыбына келтирет

Келишимге кол коюу аземи. Мюнхен, 14-февраль 2020-жыл

Келишимге кол коюу аземи. Мюнхен, 14-февраль 2020-жыл

Сербия жана Косовонун жетекчилери Белград менен Приштина ортосундагы темир жолду калыбына келтирүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

Кол коюу аземи Мюнхенде коопсуздук конференциясы башталардын алдында 14-февралда өттү. Ага эки өлкөнүн президенттери Александр Вучич менен Хашим Тачи, АКШнын Сербия жана Косово боюнча атайын чабарманы Ричард Гренелл катышты.

Өткөн айда тараптар 1998-99-жылкы куралдуу жаңжал күчөгөндө токтотулган коммерциялык учууларды жандандыруу тууралуу макулдашкан. Белград 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону өз провинциясы катары эсептейт. Жаңы өлкөнүн эгемендигин 100дөй мамлекет тааныган.

Дипломатиялык алакаларды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр 2018-жылы Приштина сербиялык товарларга жана кызматтарга 100 проценттик тариф киргизгенде үзгүлтүккө учураган. Бул кадам Сербия бийлигинин Косовонун көз карандысыздыгын тааныган айрым өлөлөрдү баштапкы чечимдерин өзгөрттүрүү аракетинен улам кабыл алынган.