Жалал-Абаддагы мектеп ашканасына жапон элчилиги жабдуу тапшырды

Жапон элчиси Жалал-Абад шаарындагы мектептин ашканасында. 13-февраль, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы №13 Розы Азимов атындагы мектепте «Үлгүлүү ашкана» ишке кирди. Ашканага жабдууларды Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик башчылары тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ашкананы жабдууга Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги 25 миң долларлык колдоо көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын казынасынан 1,3 млн. сом бөлүнгөн.

Жалал-Абад шаарындагы №13 Розы Азимов атындагы мектепте 2,5 миң бала билим алат. Алардын ичинен 1170 окуучу күн сайын ысык тамак ичет.

Быйыл Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 8 мектепте башталгыч класстын 4 миң окуучусуна ысык тамак берүү программасы ишке кирген. Бул долбоорду ишке ашырууга жапон элчилиги 6,5 млн. сом каражжат бөлдү. Мындан тышкары БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен жергиликтүү TES өнөктөш уюму борбору жардам берди.

Натыйжада Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча жалпысынан элчиликтин колдоосу менен 25 мектептин окуучулары ысык тамак менен камсыз болушту. (RsK)