Окуучулардын республикалык олимпиадасы февралдын аягында өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы 27-28-февраль күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Анда жергиликтүү олимпиадалардан утуп келген 156 окуучу 10 предмет боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, математика, физика жана химия сабактарынан олимпиада И. Раззаков атындагы техникалык университетте өтөт. Информатика сабагы боюнча Кыргыз-орус (Славян) университетинде уюштурулат. Ал эми кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, тарых, география, биология сабактары боюнча республикалык олимпиада №31 мектеп-гимназияда болот.

Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларына кирүүдө жеңилдиктер берилет. (ZKo)