Сенат Иранга каршы чараларды тескеген резолюцияга добуш берет

АКШ Конгресси отурган Капитолий имараты.

АКШнын республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенатында президент Дональд Трамптын Иранга аскердик чара көрүү мүмкүнчүлүгүн чектеген резолюция 13-февралда акыркы добушка коюлганы жатат.

Бир күн мурда бул документти демократтар менен сегиз республикачыл сенатор колдоду.

Мыйзамдык күчү жок бул резолюция президент Трампты Иран менен карама-каршылыктарга аралашкан америкалык аскерлерди аймактан чыгарып кетүүгө үндөйт. Ошондой эле президентти аскердик күчтөрдү колдонордон мурда Конгресстен уруксат алууга чакырат.

Бирок Трамп менен анын тарапкерлери мындай документ Иранды жана башка каршылаштарды шыктандырып коёрун эскертишти. Өткөн айда Конгресстин демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр Палатасы да ушуга окшош эле резолюцияны кабыл алган.

Буга президент Трамптын январь айынын башында Ирандын таасирдүү командири Касем Сулейманини өлтүрүүгө буйрук бергени негиз катары көрсөтүлгөн. Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Тегеран АКШнын Ирактагы эки базасына сокку уруп, андан 100дөн ашуун аскер жабыркаган.