БШК төрайымы шайлоо алдындагы каттоо боюнча парламентке маалымат берүүдө

Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү шайлоолордун алдында шаарларда каттоого тургандардын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Жогорку Кеңеште маалымат берип жатат.

13-февралдагы жыйынга БШК адистери келип маалымат беришин депутаттар Жанарбек Акаев менен Кенжебек Бокоев талап кылышкан болчу.

Шайлдабекова бул маселеге байкоо салып чыгыш керек экенин, мыйзам бузуу бар-жогун аныкташ үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын жана күч органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, аракет кыла башташканын билдирди.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Ушул күндөрү Ош, Каракол, Токмок шаарларына миңдеген жарандар убактылуу каттоого туруп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген.

БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. (SE)