Кытайда бир күндө коронавирус жугузгандар азайды

Ухань шаары жайгашкан Хубэй провинциясындагы дүкөн. 11-февраль, 2020-жыл.

Кытайда бир күндө коронавирус жугузгандардын саны январь айынан бери салыштырмалуу азайып, 2015 бейтап катталды. Бул тууралуу расмий Бээжин шаршембиде билдирди.

Кытайдын вирустун тарашы боюнча улук кеңешчиси Чжун Наньшан белгилегендей, оорунун жайылышы апрелге чукул токтошу мүмкүн. Анткен менен эл аралык эксперттер мындай оптимисттик пикирден оолак болуп, 1100дөй адамдын өмүрүн алган вирустун жайылышынан коркуп турушат. Төрт миңдей бейтап оорудан айыкты.

Соңку маалыматка караганда Кытайда вирусту жугузуп алгандардын саны 45 миңге чукулдады. Женевада өткөн жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебриес дүйнө өлкөлөрүн бул олуттуу коркунучка каршы бирге турууга үндөдү. Ал «вирустун кесепеттери террордук аракеттердикинен да оор болорун» эскертти.

11-февралда Казакстан коронавирустун айынан Кытайдан 200дөн ашуун жаранын алып келди. Ал эми февралдын башында казак бийлиги Ухань калаасынан 83 студентти чыгарып кеткен. Алар менен кошо 18 кыргыз жараны да кайткан.

Тажик бийлиги шейшембиде Ухандан 46 жаранын, Өзбекстан февралдын башында Кытайдан 584 жаранын эвакуациялады.