Экотехинспекция Сузактагы медресенин курулушун убактылуу токтотту

Сузак районунун Таштак айылында курулуп жаткан медресенин орду. 30-январь, 2020-жыл.

Жалал-Абаддын Сузак районунун Таштак айылында курулушу өткөн айда башталган кыздар медресесинин курулушу убактылуу токтотулду.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук аймак аралык башкармалыгы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, адистер жеринде текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

Медресенин курулушуна тийиштүү уруксат кагаздары жок болгондуктан имараттын ээлерине эскертүү берилип, жумуштар токтотулду. Мамэкотехинспекция курулуш иштери документтер толукталганда гана башталарын билдирди.

Араб демөөрчүлөрүнүн эсебинен 80 орундуу 23 млн. сомдук кыздар медресесинин курулушу Таштак айылында январь айында башталган. Бул демилгени айыл тургуну көтөрүп, курулушка өзүнө тийиштүү жер тилкесин өткөрүп берген. Бирок облустук казыят жана башка тийиштүү кызматтар азырынча курулуш иштерине уруксат жоктугун билдиришкен болчу. Жалал-Абад облусунун аймагында 11 медресе, беш диний окуу борбору жана бир институт иштейт. Аларда билим алган 800гө жакын окуучулардын 85% кыз-келиндер түзөт. (RsK)