"Вефа" соода борборунун талашы боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

10-февралда Жогорку соттун коллегиясы аталган соода борборунун мурдагы ээси "Өзгүн Иншаат" акционердик коомунун кассациялык арызын карай баштады. Аталган ишкана Бишкектеги "Вефа" соода борборунун азыркы ээси "Аруу Жылдыз" ишканасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну жана соода борборунун ээси катары "Өзгүн Иншаатты" таанууну өтүнгөн.

Жогорку соттун коллегиясы 10-февралдагы отурумунда тараптардын жүйөлөрүн укту. Сот жараянына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да катышты.

Ишти кароо 13-февралда уланат.


Түркиялык "Өзгүн Иншаат" ишканасы менен "Аруу Жылдыз" ишканасынын ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишимине ылайык, "Вефа" соода борбору "Аруу Жылдыз" ишканасынын карамагына өткөн. Түркиялык ишкана бул келишимди жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул иш 2018-жылдан бери соттук инстанцияларда каралып келе жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги улутташтырган менчиктердин арасында "Вефа" соода борбору да бар. Былтыр мартта "Кайнак" ишканасы Жогорку соттун чечими менен Түркияга өткөрүлүп берилген. (ZKo)