«Оскар» сыйлыгынын «Жылдын эң мыкты тасмасы» номинациясын Түштүк Кореянын «Мителер» фильми алды.
Бул тасма Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын ушул номинациясын алган биринчи чет тилдүү (корей тилинде) кинокартина катары тарыхка кирди.
«Мителердин» режиссёру Пон Чжун Хо эң мыкты режиссёр деп аталды. Андан тышкары, «Эң мыкты чет элдик фильм» жана «Эң мыкты сценарий» сыйлыктары да ушул тасмага ыйгарылды.
«Мителер» - бай жана кембагал үй-бүлөнүн мисалында социалдык теңсиздик темасын чагылдырат.
«Эң мыкты фильм» наамына бул ирет «Мителерден» тышкары «1917», «Бир кездери... Голливудда», «Ирландиялык», «Коён Жожо» «Жокер», «Форд Феррариге каршы», «Никедеги окуя» сыяктуу фильмдер көрсөтүлгөн.
«Жокер» тасмасындагы ролу үчүн Хоакин Феникс «Эң мыкты актёр» деп табылды. «Эң мыкты актриса» номинациясын «Жуди» фильминдеги образы үчүн Рене Зеллвегер алды.
«Эң мыкты кыска метраждуу фильм» деп «Туштагы терезе» «Эң мыкты анимациялык фильм» деп «Оюнчуктардын тарыхы - 4» тасмалары табылды.
Кино тармагындагы эң абройлуу «Оскар» сыйлыгын жыл сайын АКШнын Кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарып, жеңүүчүлөр Лос-Анжелесте сыйланат. Сыйлык 1929-жылы негизделген. Кино жаатында мыктыларды аныктоо быйыл 92-жолу өттү.
«Оскар» ыйгаруу аземи экинчи жыл катары менен алып баруучусу жок ыкмада уюштурулууда. (SE)