Трамптын планы боюнча Израилдин жаңы картасы даярдалууда

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Израил АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган планга ылайык, өлкөнүн жаңы картасын даярдай баштады.

Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Жаңы картага Иордан дарыясынын жээги жана жаңы еврей конуштары түшүрүлөт.

“Атайын түзүлгөн израил-америкалык комитет картаны түзүү ишинин жогорку чегинде жана ал аз гана убакытты алат”, - деп билдирди Нетаньяху.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал быйыл январь айында АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Палестин автономиясынын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча планын жарыялагандан кийин курчуп кеткен. Анда көз карандысыз Палестина мамлекетин Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Газа секторунда түзүү каралган. Ал эми Иерусалим болсо Израилдин бөлүнгүс борбору катары көрсөтүлгөн.

Дональд Трамп бул планды “кылымдын долбоору” деп атаган. Израилдин бийлиги аны жактаганы менен менен палестиналыктар мындай шарттарды эч качан кабыл албасын билдирген.