Бишкекте кыргыз-немис-француз достук концерти өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте үч өлкөнүн достук концерти өтөт. Бул тууралуу 7-февралда Германиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-февралда Улуттук консерваторияда Бишкек мэриясынын симфониялык оркестри, консерватория менен Улуттук опера жана балет театрынын биргелешкен хору жана башка бир катар аткаруучулар немис, француз жана кыргыз музыкасын ойношот.

Ахен келишиминин бир жылдыгына арналган маданий иш-чараны Германиянын жана Франциянын элчиликтери уюштурууда.

2019-жылдын 22-январында Германиянын Ахен шаарында немис жана француз лидерлери эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишиге кол коюшкан.

Концертке каалоочулар келип, акыркы 300 жылдагы белгилүү музыкалык чыгармаларды угуп кетсе болот.

2019-жылы 6-июлда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы жаңы кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүү аяктаган. Анда Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишим жаңыланып, учурдагы шартка ылайыкташкан. Келишимге качан кол коюлары белгисиз. (RK)