Түркиянын «Сабиха Гөкчен» аэропортуна конуп жаткан маалда кырсыктаган учак экиге бөлүнүп кетти.
Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 179 жүргүнчүдөн үчөө каза болгонун билдирди.
Түркиянын транспорт министри Мехмет Жахит Турхан 6-февралда «Боинг-737» учагы «Сабиха Гөкчен» аэропортуна коно албай кырсыктаганын, учакта 177 жүргүнчү жана алты экипаж болгонун билдирген.
Түрк медиасы кабарлагандай, «Pegasus Airlines» компаниясынын учагы 5-февралда түштөн кийин ички каттам жүргүзүп, Измирден Стамбул шаарына учуп келген.