Баткен мамлекеттик университетинин ректоруна сөгүш берилди

Баткен шаары.

Буга аталган окуу жайында жана анын филиалдарында жылуулук системасы иштебегени, студенттерге жетиштүү шарт түзүлбөгөнү, окуу жайынын эскирген материалдык-техникалык базасы жаңыланбаганы негиз болгон. Буга байланыштуу Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге сөгүш берилгенин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мындан тышкары аталган чечимге окуу жайында окутуучулар курамынын сапаты талапка жооп бербей, билим берүүнүн натыйжалуулугун арттырыш үчүн AVN маалыматтык системасын толук киргизилбегени себеп болгону айтылат. Министрликтин маалыматына караганда кесиптик жогорку билим берүүнүн чегинде бири-бирин кайталаган институттар түзүлгөнү да ректордун ишинин кемчилиги катары таанылган.

Маалыматта айтылгандай, БатМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин саны сырттан окугандардан кыйла аздык кылат.

Былтыр 18-ноябрда Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенттери нааразылыгын билдирип, сабакка кирүүдөн баш тартышкан.

БатМУда 5064 студент бар. Окутуучулардын саны – 167 киши. Университетке караштуу кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча 1771 студент билим алат. Университет 2000-жылы түзүлгөн. (ZKo)