Эрдоган Киевге келип, Крымды Орусиянын бөлүгү катары тааныбай турганын айтты

Владимир Зеленский менен Режеп Тайып Эрдоган. 3-февраль, 2020-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолукканда ушундай билдирүү жасады. Ал Крымды Орусия басып алган деп эсептей турганын, ал эми Украинадагы реформаларды расмий Анкара колдой турганын жарыялады.

Эрдогандын Украинадагы иш сапары Сирия маселесинин айынан орус-түрк алакалары сууп турган учурга туш келди. Буга чейин Анкара «Сириянын президенти Башар Асаддын Идлиб провинциясына койгон чабуулун тыйбай жатат» деп, Москваны ачык айыптаган. Ал чабуулда байкоочулук милдетти аткарып турган Түркиянын алты жоокери курман болгон эле. Эрдоган бул үчүн Орусияга жооп кайтарууга даяр экенин да эскерткен.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. Москва 2014-жылдын апрелинен бери 14 миң адамдын өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жоочуларды колдоп келатат.