5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21…-26, күндүз -12…-17;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус суук болот.
5-февралда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 7…9° жылуу болот.