Ошто жоолук күнү белгиленди

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты — толлеранттуулукка, тилектештикке чакыруу, этностор жана диндер арасындагы диалогду бекемдөө.

Оштогу иш-чара мейманканалардын биринде өтүп, ага 500дөн ашуун адам катышты.
 

Ар түрдүү тармактан келген баяндамачылар катышуучуларга үй-бүлө, ишкердик, коомдук активдүүлүк сыяктуу темаларда өз ойлору менен бөлүштү.
 

Баяндамачылардын арасында коомдук ишмер Айжан Акылбекова, төкмө акын Ыдырыс Айтбаев жана ишкер Чынара Мамажакыпова да бар.

Жоолукка жана аялдар темасына байланыштуу викторина уюштурулду.

«Умма» журналы уюштурган сынакта «Позитивдүү мусулман кыздын образы» номинациясынын жеңүүчүлөрү болгон журналист Сахира Назарова менен Арууке Абдыкуловага сыйлыктар тапшырылды.
 

Китеп жармаңкеси өтүп, диний, адабий жана башка багыттагы китептер сатылды.
 

1-февраль - Дүйнөлүк жолук күнүн 2014-жылы Нью-Йорктун тургуну, мусулман кыз Назма Хан негиздеген.

Жоолук күнүн белгилөө идеясын дүйнөдөгү миллиондогон аялдар колдоп, агартуучулук тариздеги китептер 22 тилге которулган.

Ош шаарында 2-февралда Дүйнөлүк жолук күнү белгиленди.