Былтыр Кыргызстандан 23 киши экстрадицияланган

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстандын жаза өтөө жайларында отурган 23 чет элдик жаран экстрадицияланган. Булар кайсы өлкөлөрдүн жарандары экендиги тууралуу маалымат жок.

Ошондой эле былтыр чет мамлекеттерде түрдүү жагдайлар боюнча жазасын өтөп жаткан 168 кыргызстандык мекенине кайтарылган. Башкы прокуратуранын 75 жаранды жоопко тартуу максатында чет мамлекеттерден кайтарууну сураган өтүнүчү аткарылган.

Кыргызстан 20 өлкө менен укуктук жардамдын жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында кызматташат.

Жакында эле сот чечими менен Башкы прокуратуранын издөөдө жүргөн Түркиянын эки жаранын мекенине кайтаруу тууралуу өтүнүчү четке кагылган. «Сапат» билим берүү мекемесинин эки кызматкери Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди Түркияга өткөрүп берүү тууралуу прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырбаган чечимди Бишкек шаардык соту 15-январда чыгарган. (ZKo)