Коопсуздук кеңешинин чечими: бир катар жетекчилер сөгүш алды

Өкмөт Коопсуздук кеңешинин чечимин аткарып, айрым министрлерге, жетекчилерге катуу сөгүш, эскертүү жарыялады. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандардын арасында катуу сөгүш алган Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев бар.

Сөгүш алгандардын арасында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов бар.

Ал эми эскертүү алгандар: өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, юстиция министри Марат Жаманкулов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев.

Катуу сөгүш, эскертүү алгандардын толук тизмеси бул жакта.