Канатбек Азиз: Саймаити Матраимовдордун фондуна эки жолу акча которгон

Адвокат Канатбек Азиз. 31-январь, 2020-жыл.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Канатбек Азиз да «Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондунун» эсебине Саймаити эки жолу акча которулганын ырастады. 31-январда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, анын Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, ага кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши жана маалымат каражаттарына жарыяланган башка жагдайлар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев “Аталган фондго 198 миң доллар кимден келген?” деген суроо салды. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин мындайча жооп берди.

- Искендер Исмайылович да түшүндүрүп бербедиби. Достору которгон экен. Алар өздөрүнүн атынан эмес, Айеркен Саймаитиге кайрылып, ал аялынын атынан фондго которгон экен.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Канатбек Азиз да бул маалыматты ырастап, мындай деди.

- Райымбек Матраимовдун фондго тиешеси жок. Фондго эки жолу которулганын эки жолу айттык. Райымбек менен Саймаитинин мамилеси болгон эмес деп расмий айтам.

Журналисттик иликтөөдө Саймаити акчаны «Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондунун» эсебине которуп турушканын айтып, муну ырастаган бир нече банк документтерин көрсөткөн. Андагы жалпы сумма 2,4 млн. долларга барабар. Бир тууган Матраимовдордун улуусу, депутат Искендер Матраимов Саймаитиден акча келгенин мойнуна алган. Бирок «200 миң доллар гана которгон» деп билдирип келет.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов жана анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийин соттук отурумда Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон материалдык доосунан баш тартты. (TSh)