10 миңден ашык мамлекеттик объект ижарага берилет

Сооронбай Жээнбеков менен Жылдызбек Исакулов.

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алып, мүлктү башкаруу системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Исакулов ижарага берилген 10 500 мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүү менен электрондук реестр иштелип чыкканын маалымдады.

2018-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жакын болсо, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен 191 млн. сомго жеткен.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиард сомду түзгөн. (TSh)