Равшан Жээнбеков: ЖАМК кызматкерлери саат 20:00дөн кийин тинтүүгө укугу жок

Равшан Жээнбеков.

30-январда Акыйкатчы институтунун кызматкери Кой-Таштагы окуялар боюнча оор кылмыштарга шектүү катары абакта отурган Равшан Жээнбеков менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Камактагы саясатчы жаткан камераны текшерип тинтүү түнкү убакта болгонуна нааразылыгын билдирген.

«Бир күн кечке чейин тергөө иштеринде болгондуктан, кечкисин мен эс алышым керек. Кызматкерлер саат 20:00дөн кийин тинтүү жүргүзгөнгө укугу жок. Андан тышкары ар бир камерада бир кишиге 3.5 чарчы метр жер болушу зарыл. Бирок, бул ченем сакталбай жатканын мен медиа каражаттары аркылуу да айткан болчумун» - деп ал Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине айтып берген.

Омбудсмен аппараты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине кат жүзүндө кайрылбаганын маалымдашты.

29-январда адвокат Замир Жоошев Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып, №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековдун камерасын текшерүү учурунда абак кызматкерлери ага орой мамиле кылышканын айтып чыккан. Саясатчы өзү Кыйноого каршы улуттук борборго кайрылган.

ЖАМК 28-январь күнү №1 тергөө абагындагы № 307 камераны капыстан тинтүү мыйзам чегинде болгонун, ал жактан тамак-аштын арасынан эки телефон, самынга катылган бир телефон табылганын маалымдаган. ЖАМК өз билдирүүсүндө Равшан Жээнбеков айткан дооматтарды четке каккан. (TSh)