Эже-сиңди Хачатуряндардын айыбы алынды

Тергөөдө эже-сиңдилер мындай кылмышка атасы тынымсыз зомбулук көрсөтүп, күн көрсөтпөй койгонунан барганын айтышкан.

Орусиянын Башкы прокуратурасы атасын өлтүргөн деп шек саналып жаткан эже-сиңдилерден айыпты алып салды.

Башкы прокуратура Тергөө комитетин эже-сиңди Хачатуряндарга коюлган айыпты «Киши өлтүрүү» беренесинен «Коргонуу» беренесине өзгөртүүгө милдеттендирди. ТАСС агенттигине кыздардын адвокаты Алексей Паршин билдиргендей, муну менен кыздардын кылмыш иши токтотулат. Анын сөзүнө караганда, «прокуратура кыздар атасынын зомбулугунан коргонуу укугуна ээ болгон деп чечти».

2018-жылы 57 жаштагы москвалык ишкер Михаил Хачатурян өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө байланыштуу ошол кездеги 17, 18 жана 19 жаштагы үч кызы камакка алынган. Тергөөдө Ангелина, Кристина жана Мария күнөөсүн мойнуна алып, мындай кылмышка атасы тынымсыз зомбулук көрсөтүп, күн көрсөтпөй койгонунан барганын айтышкан.

Тергөө комитети үч кызга «Алдын-ала уюшуп кылмышка баруу» беренеси боюнча иш козгогон.