Кытай вирусу: Кыргызстан чукул кырдаалга даярбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кытайда чыккан коронавирус миңдеген кишиге жукту. Дүйнө өлкөлөрү вакцинасы табыла элек оорунун жайылышын алдын алуу чараларын көрүүдө. Кытай менен чектеш Кыргызстан чукул кырдаалга канчалык даяр?
Миллиондогон киши жашаган аймактарда карантин киргизүү, туристтердин азайышы Кытай экономикасына кандай таасир этет? Цензура күчтүү өлкөнүн бийлиги бул ирет маалыматты жаап-жашырбай таратып жатабы? Бүгүнкү абалдан синофобияга жем таштагандар пайдаланган жокпу? "Биз жана дүйнө" коронавирустун айланасындагы жагдайды Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова жана Прагадагы Карлов университетинде иштеген кытай таануучу Йиржи Худечек менен талкуулайт.