Шейшембиде Кариб деңизинин Кайман аралдарынын, Ямайканын жана Кубанын ортосундагы бөлүгүндө күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Деңизди чайпаган зилзала цунами жаратары күтүлүп, жээктеги райондорго коркунуч келтирери эскертилди.
Бирок кийинчерээк кубаттуу толкун ичкерип, деңизге тартылып кеткени маалымдалды.
Зилзала Кошмо Штаттардын Флорида штатында да сезилип, Майамидеги бир нече бийик имараттардан адамдар чыгарылды. Жер титирөө Кубанын бир нече шаарында сезилди.
Адамдар жаракат алганы же имараттар кыйраганы туурасында азырынча кабар жок.