Ооган күчтөрү учак кыйраган аймакта талибдер менен кагылышты

«Bombardier E-11A» учагы кыйраган аймак, Газни провинциясы. 27-январь, 2020-жыл.

Ооганстандын бир күн мурда АКШнын аскердик учагы кыйраган Газни провинциясында коопсуздук күчтөрү менен «Талибан» кыймылынын жоочулары кагылышты. Бул маалыматты ооган өкмөтү да, талибдердин өкүлдөрү да ырасташты.

Провинциянын жергиликтүү полициясынын башчысы Халид Вардактын айтымында, учак кулаган жерге бараткан коопсуздук кызматкерлери талиб жоочуларынын буктурмасына кабылган.

Кошмо Штаттардын армиясы «Bombardier E-11A» учагы Газни провинциясынын Дех Як районунда кыйрап түшкөнүн ырастап, бирок «аскердик учакты талибдер атып түшүрдү» деген маалыматты четке каккан. Бирок Пентагон учактын бортунда канча адам болгонун тактаган жок.

Буга чейин Газни провинциясынын бийлик өкүлдөрү «Ariana Afghan Airlines» аттуу мамлекеттик компаниянын 83 жүргүнчү салып бараткан учагы талибдер көзөмөлдөгөн аймакта кырсыктаганын айтып чыгышкан. Бирок аталган компания бул маалыматты четке каккан.