Ирандын Жарандык авиация уюму кыйраган украиналык учакка байланыштуу экинчи отчётун жарыялады. Документте жүргүнчү учакка Орусияда жасалган «Tor-M1» үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекстен кыска аралыкка учкан эки ракета атылганы айтылат. Бул тууралуу «Bloomberg» басылмасы жазды.
Отчётто Тегеран учактын «кара кутусун» талдап-иликтөө татаал иш экенин, Ирандын ага техникалык мүмкүнчүлүгү жок экенин да бышыктаган. Бирок Иран «кара кутуларды» башка мамлекеттерге өткөрүп берүүдөн баш тартып келет. Канада болсо Тегеран каттам тууралуу маалымат камтылган жабдыкты Киевге же Парижге бериши керек деп эсептейт.
«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Тегерандан Киевди көздөй учуп чыккандан көп өтпөй эле кыйрап калган. Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган. Жүргүнчүлөрдүн көбү Ирандын жана Канаданын жарандары болгон.
Каргашадан төрт күн өткөндөн кийин гана Иран учакты кокусунан атып алганын мойнуна алган. Буга байланыштуу өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.
Иранда учак кырсыгына байланыштуу бир канча адам кармалган жана президент Хасан Роухани атайын сот түзүүнү сунуш кылган.