Имашева: Турсунбекти камап коюп, балдарым ачка калды

Турсунбек Бейшенбеков. Сүрөт журналисттин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан ары 48 саатка камалган журналист Турсунбек Бейшенбековдун аялы Гүлзада Имашева «Азаттыкка» кайрылды. Ал күйөөсүнүн күнөөсүз экенин айтып, аны бошотуп алууга коомчулуктан жардам сурады:

- Үч жаш балабыз менен батирде ижарада турабыз. Балдарымдын улуусу жети жашта, ортончусу 2,5 жашта, кичүү кызым эки айлык. Мен эч жерде иштебейм. Турсунбектин кармалганын адвокаты чалып кабарлады. Аны камап койсо, мен жаш балдарым менен кайда барам?

Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары 48 саатка убактылуу камоочу жайга киргизилди.

Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Анын сөзү боюнча, бул журналисттик ишине байланыштуу болуп жатат. Бейшенбеков 16-январдагы сурактан кийин сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, так кайсы иш боюнча жана кимдин арызынын негизинде суралганын ачык айткан эмес. Айрым маалымат каражаттары Бейшенбеков ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан. (ZKo)