Ошто христиандар майрамдашты

Ош шаарындагы православдардын жалгыз Архангел Михаил чиркөөсүнө чокунууга чогулгандардын саны 300гө чукулдады.

Алгач майрам кудайдан ырайым суроо, ага сыйынуу менен башталды.

Түшкө жакын чогулган эл жүрүшкө даярданып, крест кармаган чиркөө кызматкерлеринин артына тизилип Ак-Буураны карай жол тартышты.

Жээкте сууну ыйыктоо салтанаты болуп, онго жакын киши сууга түштү.

Чиркөө жетекчиси Виктор Реймген алардын башынан ылдый чакалап үч жолудан суу куюп жатты.

Агын сууга чумкугандардын арасында карысы да, жашы да бар.

Чокунуп, үч ирет сууга чумкуп же башынан ылдый суу куюлушу керек.

Христиандар бул күнү жер жүзүндөгү суунун баары ыйык болот дешет. Ага жуунуп чыккан соң арууланат, суу күнөөлөрдү жууп кетет, ден соолукка да оң таасирин тийгизет деп ишенишет.

Айрымдар сууну сактап, ырымдап ар кандай учурларда ичип турушат.

Чогулган элдин арасында пакистандык студенттер да бар.

Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.