«Инфоком» виртуалдык паспорт чыгарарын жарыялады

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Санарип ID» деп аталган виртуалдык паспорттун долбоору даярдалып жатканын билдирди. Ага ылайык, виртуалдык паспорт смартфон системасында иштейт. Смартфондогу паспорт менен бейтапканаларга, мектептерге онлайн кезекке жазылуу, интернет-банкингди колдонуу, мамлекеттик кызматтарды тейлөөнүн электрондук түрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

«Инфокомдун» адистери смартфондогу виртуалдык паспортто маалымат коопсуздугу жогорку деңгээлде корголоруна ишендирүүгө аракет кылышууда. Бул долбоор 2020-жылдын апрель айында ишке кириши пландалып жатат. Мындан сырткары «Инфоком» мамлекеттик ишканасы алдыда эмгек китепчеси сыяктуу бир катар мамлекеттик документтерди электрондоштурууну пландап жатканын маалымдады. (TSh)