Президентке кайрылгандардын 42,5% сот, укук коргоо органдарынын ишине нааразы

Президентке келген кайрылуулардын бири.

Президенттин аппаратына 2019-жылы 15 миң 305 кайрылуу келген. Алардын 4826сы же 42,5% сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу.

Прокуратура органдарына байланыштуу 1 982, соттор боюнча 1 810, ички иштер органдарына тийиштүү 789, финансы полициясы боюнча 117, улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү 86, жаза аткаруу кызматына байланыштуу 42 арыз-даттануулар түшкөн.

Ал эми социалдык маселелер боюнча 3007 кайрылуу келген. Бул 26,5% түзөт.

Президенттин жана анын аппаратына келген кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт.

- Бирок, алардын иши канааттандырарлык эмес болуп жаткандыктан, бул кемчиликтер жарандарын нааразычылыгын жаратып, алар аргасыздан президентке кайрылып жаткандыгын көрсөтөт, - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында, 264 кайрылуу толук ал эми 309у жарым-жартылай канааттандырылган. 392 кайрылуудагы өтүнүчтөр четке кагылып, 6734 жаранга кайрылууларда көтөрүлгөн маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилген.

Калган 2 547 кайрылуу тиешелүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилген. (BTo)