Укук коргоочулар журналист Исмаилова тууралуу азери бийлигине кайрылышты

Хадижа Исмаилова.

«Трансперенси Интернэшнл», «Чек арасыз кабарчылар» жана «Цензура индекси» уюмдары 15-январда азербайжандык иликтөөчү журналист Хадижа Исмаиловага байланыштуу кайрылуу таратышты. Анда алар Бакуну журналисттин сыртка чыгышына салынган тыюуну алып салууга чакырышты. Исмаилова Британияга барып «Жалган жалаа жабуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинини алкагында сотто көрсөтмө бериши керек экени белгиленди.

Убагында «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен кызматташкан Исмаилова Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн коррупциялык иштери тууралуу кеңири жазып келген.

Ал 2015-жылы жети жылга эркинен ажыратылган жана журналистке «салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен ээлеп алган» деген өңдүү айыптар коюлган. Исмаилова мунун бийликтин куугунтугу катары баалаган. Эл аралык коомчулуктун сын-дооматынан улам сот Исмаилова 2016-жылы үй камагына чыгарып, башка мамлекеттерге барышына тыюу салган.

Мындан туура бир жыл мурун Европа соту Исмаиловага байланыштуу азери өкмөтүн 19 миң 300 доллар өлчөмүндөгү доого жыккан.