Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 15-январда саат 15:19да Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында төрт балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында үч баллга чейин сезилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйрабаганын билдирди. (BTo)