HRW кыргыз бийлигин Азимжан Аскаров боюнча сындады

«Human Rights Watch».

«Human Rights Watch» эл аралык уюму дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады.

Документтин Кыргызстанга арналган бөлүгүндө жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу жалпысынан сакталып жатканы көрсөтүлгөн. Бирок «2017-жылдан бери бийликте турган Сооронбай Жээнбековдун тушунда соттор Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун да эске алган жок» деп жазылган.

Баяндамада президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий тиреши белгиленген. Анда чатак Атамбаевдин мүлкүнүн камакка алынышына, «Киши өлтүрүү» беренеси баштаган ондогон кылмыш иштеринин козголушуна чейин жеткени айтылган. Ошондой эле «Кыргызстан аялдардын укуктарын коргоодо чабалдык кылып жатат» деген баа берилген.

Уюмдун иликтөөсүнө ылайык, 2019-жылы адам укуктарын эң көп бузган өлкө Кытай болуп чыкты. HRW дүйнө мамлекеттерин Бээжиндин «адам укуктары боюнча эл аралык системаны бузуу аракеттерине каршы турууга» чакырды.