NYT Ирандын эки ракетасы украиналык учакка тийгени тартылган тасманы жарыялады

Учак кырсыгына байланыштуу нааразылык акциясы. Тегеран. Иран. Январь, 2020-жыл.

«The New York Times» басылмасы Ирандын эки ракетасы украиналык жүргүнчү учакка тийгени тартылган тасманы жарыялады.

Коопсуздук камерасына тартылып калган тасмада Тегерандан учуп чыга берген жүргүнчү учагына эки ракета келип тийгенин көрүүгө болот. Тасма 14-январда президент Хасан Роухани кайрылуу таратып, 176 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгын иликтеш үчүн атайын сот түзүүнү сунуш кылгандан кийин жарыяланды.

Басылманын маалыматы боюнча, ракеталар учактан 13 чакырым аралыкта турган Ирандын аскер базасынан учурулган. Видео алгач «YouTube» баракчасына ирандык жаран тарабынан жүктөлгөн. «The New York Times» тасманы текшерген соң анын жасалма эмес экенин аныктап, жарыялаган.

Иранда 11-январдан бери учактын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу өкмөткө каршы нааразылык акциялары токтой элек. Анда Ирандын бийлигин, анын ичинде жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеини сындаган пикирлер айтылып жатат.

8-январда таңга маал Тегерандан Киевге жол тарткан учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кулап түшкөн. Ичиндегилердин бирөө да аман калган эмес. Иран бийлиги төрт күндөн кийин учакты «кокусунан» атып алганын мойнуна алган. Кырсык Тегеран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан базаларга сокку ургандан бир нече сааттан кийин болгон.