Британ ханышасы небере уул-келинине батасын берди

Британ канышасы Елизавета II.

Британ канышасы Елизавета II тун уулунун экинчи баласы, ханзада Гарри менен жубайы Мегандын өз алдынча жашоону каалаганын колдоп, батасын берди. Дүйшөмбүдө каныша жакындары менен чукул кеңешме өткөрүп, ушундай чечимге келди.

Елизавета IIнин айтымында, өткөөл мезгил учурунда алар убакыттын жарымын Канадада, жарымын Британияда өткөрүшмөкчү.

«Менин үй-бүлөм жана мен Гарри менен Мегандын жаш үй-бүлө катары жаңы турмуш түзгүсү келерин толук колдойбуз… алардын өз алдынча жашоого умтулушун урматтайбыз жана түшүнөбүз», деп айтылат 93 жаштагы монархтын билдирүсүндө.

Каныша алар дайыма үй-бүлө мүчөлөрү бойдон калышарын белгиледи.

Өткөн шаршембиде Гарринин жубайы, амеркиалык актриса Меган жаңы ролго даярданып жатканын, уулу Арчи менен океандын ары жагында көбүрөөк убакыт өткөрүүнү, финансылык жактан өз алдынча болууну көздөй турганын «Инстаграмга» жазган. Букингем сарайы мындай маселелер тез чечилбесин дароо билдирген.