Баткен районунун Көк-Таш айылынын 11-январда кармалган төрт тургунунун бөгөт чарасы аныкталып, алар бир айга камакка алынды. Кадамжай райондук соту 13-январда ушундай чечим чыгарганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Алар Жазык кодексинин «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып жатат. Баткен облустук милициясынын маалыматына караганда, былтыр 18-декабрда Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын тургундары урушуп, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан. Натыйжада Көк-Таштын жашоочусунун башына таш тийип, бир машиненин, эки үйдүн чатыры сынган.
Ушул жылдын 11-январында Көк-Таш айылынын жашоочулары жолдон өтүп бараткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын Назаров көчөсүндө тажик жаранынын «Хундай-Портер» автоунаасын таш менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан.
Жогорудагы эки кылмышка катышы же аларды уюштурууга тиешеси бар киши катары Көк-Таш айылынын төрт тургуну кармалды. Аларды суракка алганда экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук экспертиза дайындалган.
13-январда Бишкекте аларды бошотууну талап кылган нааразылык акциясы болуп, пикетке чыккандар бул төрт киши «тажик жарандары уюштурган чагымга каршы турушканы үчүн кармалганын» айтышкан. (BTo)