Молдовалык магнат АКШнын «кара тизмесине» кирди

Владимир Плахотнюк.

Молдовалык ишкер Владимир Плахотнюк «кара тизмеге» киргенин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Маалыматка ылайык, Вашингтон ишкерди «ири коррупцияга» тиешеси бар деп эсептейт. Помпеонун сөзү боюнча, Плахотнюктун иштери Молдовадагы демократиялык институттардын өз алдынчалыгына коркунуч келтирген.

Санкцияга ылайык, молдовалык ишкер өзү жана жакындары Американын визасын ала албайт.

«Бул чечим АКШ Молдованын элин жана өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштү колдой турганын билдирет» деген Помпеонун сөзүн «Америка үнү» радиосу берди.

Владимир Плахотнюк – Молдованын Демократиялык партиясынын мурунку төрагасы. Ал Молдова парламентинде эки чакырылышта депутат жана вице-спикер болгон. Плахотнюк өлкөдөгү эң бай жана таасирдүү адам деп эсептелет. Анын саясий карьерасы былтыр июнда, өкмөт башчы Павел Филиптин өкмөтү кызматтан кеткенде бүткөн. Ал экөөнүн Молдованын банктарынан бир миллиард доллардын айланасындагы акчанын жоголушуна тиешеси бардыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Молдованын өзүндө Плахотнюкка карата ири суммадагы акчалай алдамчылыкка тиешеси бар деген себеп менен кылмыш иши иликтенүүдө. Ал Орусияда да бир катар кылмыштары үчүн айыпталган.