Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү Исфарада өтөт

Баткен районунун Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү бүгүн, 14-январда Тажикстандын Исфара шаарында өтөт. Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп барат.

Буга чейин Разаков тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу, коопсуздукту бекемдөө жана түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу тууралуу сүйлөшүү боло турганын кабарлаган. Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ыкчамдатуу жөнүндө да маселе коюла турганын айткан:

- Биринчиден чек ара аймактарындагы коопсуздук маселесин коёбуз. Андан тышкары делимитацияны ылдамдатуу боюнча сунуштарыбызды, ойлорубузду айтабыз. Бул боюнча катуу иштөөгө биз даярбыз.

Жеңиш Разаков буга чейин да сүйлөшүүлөр жүрүп келгенине карабай, тажик тарап менен айрым маселелерде тил табышуу болбой жатканын мойнуна алып, муну эки өлкөнүн чек арадагы айылдары курак кездеме сыяктуу жайгашып калганы менен түшүндүрдү.

Өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу эки өлкө президенттеринин өткөн жумадагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өтүп жатат. Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Анын курамында бардык күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилери болот.

Жолугушуу чек арадагы аймакта өтөрү кабарланган.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан. (ZKo)