Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «чек ара аймагында болгон чыр-чатактын чыгышына кээ бир коомдук уюмдар, топтор тарабынан жүргүзүлүп жаткан чагымчыл аракеттер таасир этүүдө» деген билдирүүсүн таратты.
Анда «эл арасында чагымчыл аракеттер чек арада пайда болгон айрым турмуш-тиричиликке байланышкан майда-барат маселелерди укук коргоо органдарынын чечишине тоскоолдуктарды жаратып, маселенин мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүшүнө алып келүүдө», деп айтылат.
Чолпон Бердикулова чек арадагы окуяларды ырбатуу менен өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну каалаган топтордун бул аракеттерин күч түзүмдөрү тарабынан жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирди.
10-январга караган түнү Көк-Таш айылында болгон чатакка байланыштуу айылдагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектепке жайгашкан жарандар үйлөрүнө тарап, мектепте окуу процесси башталды.
Билдирүүдө облус жетекчисинин буйругу менен аймакта өзгөчө кырдаалдар режими алынганы да айылат. (MdN)