Ак үйдө чек араны чечүү талабы менен акция өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин жана Президенттик аппараттын имаратынын алдында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасын чечүү талабы менен митинг өттү. Анда чек ара тилкесиндеги чырга байланыштуу кармалган төрт кыргызстандык жаранды бошотуу талабы да коюлду. «Чек ара» коомдук бирикмеси уюштурган пикетте милиция тарабынан кармалган төрт киши «тажик жарандары уюштурган чагымга каршы турушканы үчүн кармалганы» айтылды. Акцияга чыккандар менен Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жолугушту.