Багдаддын түндүгүндөгү Салах-эд-Дин провинциясында жайгашкан Балад аскер базасы реактивдүү куралдан сегиз жолу аткыланган. Бул тууралуу Reuters агенттиги ирак командачылыгына шилтеме кылып жазды. Маалыматта айтылгандай, чабуулдан Ирактын төрт аскери жаракат алган. Мындан тышкары аткылоодон учуп-конуу тилкеси талкаланганын DPA агенттиги жергиликтүү полициянын маалыматына таянып билдирди. Чабуулду ким жасаганы тууралуу азырынча маалымат жок.
Балад аскер базасындагы америкалык аскерлердин көпчүлүгү АКШ менен Ирандын мамилеси чыңала баштаганда базадан чыгып кетишкен. AFP агенттиги америкалык аскерлердин дээрлик 90 пайызы Тажи жана Эрбил шаарларына эвакуацияланганын жазып чыкты. Ошондой эле америкалык командачылык базадагы бардык аскер техникаларын чыгарып кетүүгө үлгүргөн. Базада америкалык он беш чакты аскер менен бир учак калганы кабарланууда.
Аталган аба базасында Ирак АКШдан сатып алган Lockheed Martin F-16 аскер учактары бар.