Матраимовдун арызы боюнча «Клооптун» мурдагы кызматкери да сурак берет

«Клооптун» сайты.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы Руслан Матраимовдун арызынын негизинде «Клооп» басылмасынын мурдагы кызматкерин күбө катары суракка чакырды. Сурак 13-январда саат 15:00дө болот.

Руслан Матраимов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси. Ал 9-январь күнү шаардык милицияга «белгисиз топ үйүн дрон менен тартып, жеке жашообуздун кол тийбестигин бузуп, коопсуздугубузга шек келтирип жатат» деген мааниде арыз жазган.

Матраимовдун арызынын негизинде милиция ыкчам иликтөө тобун түзгөн. Натыйжада 10-январь күнү милиционерлер «Клооптун» айдоочусу Бекболсун Кайыповду машинеси аркылуу таап, Ош ШИИБине жеткирип суракка алышкан. Ошол эле күнү басылманын журналисти Элдияр Бакиров да сурак берген. Эртеси күнү оператор Хамидулло Узаков да суралган.

«Клооп» билдиргендей, сурак учурунда Бакиров тергөөчүгө мурунку кызматкердин материал жасоого тиешеси жок экенин айткан. Бирок ага дагы 11-январь күнү милиционерлер суракка чакыруу барагын жеткиришкен.

«Клооптун» кызматкерлери 9-январь күнү Ленин көчөсү 308 дареги боюнча жайгашкан кароосуз калган имаратты тартышкан. Журналисттердин божомолунда ал мыйзамсыз курулган. Басылма имарат Матраимовдордун үйүнөн жүздөгөн метр алыстыкта жайгашканын жана аларга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Милиция Матраимовдун арызынын негизинде «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Ал эми «Медиа Полиси Институту» (МПИ) «Клооп» порталынын журналисттеринин суракка алынышын милициядагы укуктук башаламандык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу катары баалап жатат. (DU)