Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров 12-январда Ак-Сай айылдык кеңешинин эки депутаты баштаган беш тургун менен жолукту. Анда 11-январда милиция кармап кеткендерди бошотуу өтүнүчү талкууланды жана маселени укук коргоо органдары мыйзам чегинде карап жаткандыгы белгиленди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. Жолугушууга Баткен районунун акими Каланбек Маркаев, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Анаров да катышты.
11-январда милиция «чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды» деген шек менен Көк-Таш айылынын төрт тургунун кармап алып кеткен.
“Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысына милиция берген маалыматка караганда, кармалгандар райондук соттун чечими менен эки суткага камакка алынышкан.
11-январда кыргыз-тажик чек арасынын Көк-Таш аймагында чатак чыккан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. (MdN)