10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактан соң Баткен районунун Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган 254 адам үйлөрүнө тарады. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, Көк-Таш айылындагы мектепте 13-январда башталчу окуу процессине даярдык жүрүп жатат.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Ошондон улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болчу.
Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.
Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты толугу менен четке каккан.
Ошондон бери Баткен облусундагы аймагында күч органдары күчөтүлгөн тартипте коопсуздукка көз салууда.
Бул чатакты жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 14-январда эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолукканы жатат. (MdN/BkA)