Ошто композитор Рысбай Абдыкадыров эскерилди

Рысбай Абдыкадыровдун эстелиги.

Ош шаарында 12-январь күнү залкар обончу жана ырчы Рысбай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси болуп өттү. Бул туурасында «Азаттыкка» өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди. Иш-чара ырчынын атын алып жүргөн Ош облустук филармониясынын алдында өтүп, анын эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

- Жыл сайын Абдыкадыровдун туулган күнүн эскерүү салтанаты болуп турат. «Рыспай Абдыкадыров» клубунун мүчөлөрү, анын атындагы филармониянын жетекчилиги, кызматкерлери, замандаштары, туугандары, жакындары келип, анын эстелигине гүл коюп, эскеришти, - деди Кадырбек кызы.

Рысбай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунда туулган. Ал чыгармачылык өмүрүндө 200 ашуун обон жаратып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Абдыкадыровдун ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирген.(DU)